Парижде туристтик жана экскурсиялык кемелердин кызматкерлери иш ташташты

Иш таштаган жумушчулар Эйфель мунарасынын жанына чогулушту.

1925367
Парижде туристтик жана экскурсиялык кемелердин кызматкерлери иш ташташты

Франциянын борбору Парижде Сена дарыясындагы туристтик жана экскурсиялык кемелердин кызматкерлери айлык акыны жогорулатууну талап кылып иш ташташты.

Франциядагы жергиликтүү жана аймактык радиостанциялардын тармагы болгон France Bleu гезитинин кабарына караганда, Сена дарыясында туристтик жана круиздик кемелерди иштеткен Sodexo компаниясына караштуу Batobus жана Bateaux Parisiens кеңселеринин кызматкерлери айлык акыны көбөйтүүнү талап кылып иш ташташты.

Иш таштаган кызматкерлер Эйфель мунарасынын жанына чогулушту.

Алар эмгек акыны жогорулатууну талап кылышууда.



Тектеш кабарлар