Дүйнө жүзү Талибанга каршылык көрсөтүүдө

Көптөгөн өлкөлөр талибдерден Ооганстанда аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салуу чечимин жокко чыгарууну талап кылышты.

1925396
Дүйнө жүзү Талибанга каршылык көрсөтүүдө

Ооганстанда аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштешине тыюу салынышына дүйнө жүзү каршылык көрсөтүүдө.

Евробиримдик (ЕБ), АКШ, Канада, Австралия, Франция, Германия, Англия, Нидерландия, Дания, Италия, Норвегия, Швейцария жана Жапония талибдерден Ооганстанда аялдардын бейөкмөт уюмдарда иштөөсүнө тыюу салуу чечимин жокко чыгарууну талап кылышты.

Евробиримдиктин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү менен 12 өлкөнүн тышкы иштер министрлери, Талибандын Ооганстанда иш алып барган жергиликтүү же чет элдик бейөкмөт уюмдарга аял кызматкерлерди жумушка алууга тыюу салуу чечимине байланыштуу биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Талибандын «ойлонбогон жана кооптуу» чечимине тынчсыздануу айтылган билдирүүдө, бул чечим менен бирге жашоо үчүн гуманитардык жардамга муктаж миллиондогон афгандын өмүрүнүн коркунучта экени белгиленди.

Билдирүүдө, Ооганстандагы аялдар гуманитардык жардамды бөлүштүрүүгө катышпаса бейөкмөт уюмдардын муктаж болгондорго азык-түлүк жана дары-дармек сыяктуу жардамдарды жеткире албасы баса белгиленип, Талибандын чечимди тез арада жокко чыгаруусу талап кылынды.

Ошондой эле бул чечимден улам бейөкмөт уюмдар менен иш алып барган эл аралык уюмдардын гуманитардык жардамдарына да таасир этээри кабарланды.

Талибдердин студент кыздардын окуусун токтотуу чечиминен кийин 24-декабрда бейөкмөт уюмдар аял кызматкерлерди жумушка алууну кийинки эскертүүгө чейин токтотушкан. Аял кызматкерлерди ишке орноштурууну токтотпогон бейөкмөт уюмдардын лицензиясы жокко чыгарылары белгиленген.



Тектеш кабарлар