Путин мунай сатууга тыюу салган өлкөлөр

Путин кол койгон жарлык менен батыш өлкөлөрүнүн орус мунайынын баррелине 60 доллардан ашпаган чек коюуга каршы санкция киргизүү чечими кабыл алынды.

1924475
Путин мунай сатууга тыюу салган өлкөлөр

Орус президенти Владимир Путин кол койгон жарлык менен орус мунайынын чектүү баасын колдонууга катышкандарга мунай жана мунай өнүмдөрүн сатууга тыюу салынды.

Путин кол койгон жарлык менен батыш өлкөлөрүнүн орус мунайынын баррелине 60 доллардан ашпаган чек коюуга каршы санкция киргизүү чечими кабыл алынды.

Мунай жана мунай өнүмдөрүн чектүү бааны колдонууга катышкан жеке адамдарга жана компанияларга сатууга тыюу салган жарлыкка ылайык, эгер орусиялык мунай сатып алуучулар келишимде чектүү бааны же альтернативалуу чектик баа механизмин колдонсо, ташуу жүргүзүлбөйт.

Мунай ташууга тыюу салуунун 2023-жылдын 1-февралынан тарта күчүнө кирээри белгиленген жарлыкта, мунайдын чектүү баасын колдонгондорго Путиндин атайын уруксаты менен гана ташуу болоору баса белгиленди.

Жарлыкка ылайык, мунай өнүмдөрүн ташууга тыюу салуу орус өкмөтү аныктай турган күндөн тартып күчүнө кирет.

2-декабрда Евробиримдик өлкөлөрү Орусиядан деңиз аркылуу ташылган мунайдын бир баррелинин чектүү баасын 60 доллардан түзүүнү макулдашкан.

Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак 23-декабрдагы билдирүүсүндө, мунай жана мунай өнүмдөрүн чектик баа арызына катышкандарга сатпай тургандарын, керек болсо мунай өндүрүшүн 5-7 пайызга азайта ала тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар