Путин Алиев жана Пашинян менен Карабах маселесин талкуулады

Путин, Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын бейформал саммитинин алкагында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

1924360
Путин Алиев жана Пашинян менен Карабах маселесин талкуулады

Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Карабах темасында үч тараптуу сүйлөшүү өткөрүшкөнүн билдирди.

Путин, Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын бейформал саммитинин алкагында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Орусия менен Армениянын ортосундагы соодада 73 пайыздык өсүү болгонун белгилеген Путин, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын абдан оң өнүккөнүн айтты.

Азербайжандын президенти Алиев жана Армениянын премьер-министри Пашинян менен Карабах темасында үч тараптуу жолугушуу өткөрүшкөндөрүн белгилеген Путин:«Биз кечээ сиз менен баштадык жана үч тараптуу жолугушууну ийгиликтүү өткөрдүк. Албетте, негизги маселе бүтүндөй Түштүк Кавказдагы кырдаалды жөнгө салуу, Азербайжан-Армения мамилелери, Карабахка байланыштуу бардык нерсе. Биз макулдашылгандай бул маселелердин баарын деталдуу талкуулайбыз»,-деп айтты.

Пашинян Лачын коридорундагы кырдаалга да токтолуп, коридор учурда орусиялык бейпилдик күчтөрүнүн көзөмөлүндө эмес экенин билдирди. Пашинян бул кырдаалды жана кандай варианттар бар экенин Путин менен талкуулоону каалаганын айтты.



Тектеш кабарлар