Австрияда Түркияга каршы сунуш четке кагылды

Сунушта Түркиянын жикчил террордук уюм ПККга каршы Сирия жана Ирактагы операцияларынын өкмөт тарабынан айыпталышы талап кылынган.

1922655
Австрияда Түркияга каршы сунуш четке кагылды

Австрия парламентинде «Түркиянын чек ара операцияларын айыптоо» сунушу четке кагылды.

Австрияда социал-демократиялык партия Түркияга каршы сунушун парламентке тапшырды.

Сунушта Түркиянын жикчил террордук уюм ПККга каршы Сирия жана Ирактагы операцияларынын өкмөт тарабынан айыпталышы талап кылынган.

Бул сунуш бийликтеги оң-борборчул Элдик партия менен Жашылдар партиясынын парламенттик добуш берүүсү менен четке кагылды.

Сунуш четке кагылгандан кийин террордук уюмду колдогондор, Жашылдар партиясынын башкы кеңсесинин алдында митинг өткөрүштү.



Тектеш кабарлар