АКШда катуу суук
Өлкөдө 2200дөн ашык аба каттамдары токтотулду.
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) кышкы оор шарттарга туш болууда...
Өлкө боюнча 100 миллиондон ашык адамга таасир эте турган аба ырайы тууралуу эскертүүлөр берилип жатат.
Өлкөдө 2200дөн ашык аба каттамдары токтотулду.
Улуттук аба ырайы башкармалыгы, Рождество майрамынан улам дем алыш күндөрү саякаттарда башаламандык күтүлүп жатканын билдирди.
Флоридада акыркы жылдардын эң суук кышкы күндөрү болоору күтүлүүдө.
Чикагодо да ылдамдыгы саатына 80 километрден ашкан катуу шамалдын кесепетинен калың кар жаашы болжолдолууда.
Ызгардуу сууктан таасирлене турган Кентукки, Жоржия, Оклахома жана Түндүк Каролина штаттарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Оклахома штатында жааган кардан улам жолдор тайгак болуп, кырсыктар катталды.
Колорадо штатындагы жабык стадион Денвер Колизейи суук коркунучуна каршы жылытуу борборуна айландырылды.
Бороондун кесепетинен Орто-Батыш Америка менен Канадада электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.