Зеленский АКШда Конгресстин мүчөлөрүнө кайрылуу жасады

Зеленский: «Балдарыбыз жана неберелерибиз кандай дүйнөдө жашаарын ушул күрөш чечет», - деди.

1922136
Зеленский АКШда Конгресстин мүчөлөрүнө кайрылуу жасады

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияга эч качан багынбай тургандарын билдирди.

Зеленский Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Конгрессинде катышкан сессияда Конгресстин мүчөлөрүнө кайрылды.

Президент Зеленский бүткүл дүйнөнүн аң-сезиминде 24-февралдан бери уланып жаткан согушта Орусияны жеңгендерин айтып: «Бардык караңгы пейзажга карабастан Украина кулаган жок. Украина жашап жатат жана Орусияны артка сүрүүдө»,-деди.

Бул согушта америкалыктар менен европалыктар да жеңишке жетишкенин белгилеген Зеленский: «Мына ушундан улам европалыктар азыр болуп көрбөгөндөй күчтүү»,- деп билдирди.  

Бир тараптан орустарды согуш талаасында да жеңүүлөрү керектигин айткан Зеленский: «Балдарыбыз жана неберелерибиз кандай дүйнөдө жашаарын ушул күрөш чечет», - деди.

Украин аскерлеринин күрөшүн 1944-жылы Гитлерге каршы күрөшкөн америкалык аскерлерге салыштырган Зеленский: «Украина эч качан багынбайт»,- деп айтты.

Аларга берилген ок-дары колдоосунун маанилүү экенин, бирок жетишсиз экенин белгилеген Зеленский: «Орусия бул геноцид саясатында өнөктөш тапты: Иран. Иран биздин инфраструктурабызга коркунуч туудурган жүздөгөн өлүмгө алып келген дрондорду Орусияга жөнөттү»,- деди.

Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен Украинанын 10 беренелик тынчтык формуласын талкуулаганын маалымдап: «Биз алдыдагы ондогон жылдардагы жалпы коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн буларды ишке ашырышыбыз керек»,- деди.

Ушул алкакта тынчтык саммитин өткөрүү сунушун киргизгендерин белгилеген Зеленский, Байдендин да алар сунуштаган тынчтык демилгесин колдогонуна ыраазы болгонун айтты.

Зеленский Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды.



Тектеш кабарлар