Канададагы калың кар жашоого терс таасирин тийгизүүдө

Аймактын түштүк бөлүгүндө кардын калыңдыгы 27 сантиметрге жетти.

1922333
Канададагы калың кар жашоого терс таасирин тийгизүүдө
abd kar.jpg
kanada kar.jpg

Канаданын Британ Колумбиясында жааган калың кар жашоого терс таасирин тийгизүүдө.

Аймактын түштүк бөлүгүндө кардын калыңдыгы 27 сантиметрге жетсе, калың кар аба каттамдарын үзгүлтүккө учуратты.

Ванкувер эл аралык аэропортунда 200 каттам токтотулуп, 67 каттамдын болсо кечеңдетилгени жарыяланды. Токтотуу жана кечеңдетүүлөрдүн жакынкы күндөрдө да улана турганы айтылды.

Аэропорттун кызматкерлеринин каттамдардын кайрадан башталышы үчүн учуу тилкесинде өз ишин улантып жаткандары айтылды.

Канаданын метеорологиялык кызматы, дээрлик бардык Британ Колумбиясына кар жаай турганы боюнча эскертүү берди.

Америка Кошмо Штаттарында да улуттук жана жергиликтүү аба ырайы агенттиктери, катуу суук жана кар жаашы тууралуу эскертишти.

Улуттук Аба ырайы кызматы (NOAA) Рождество майрамы үчүн саякатка чыгууну пландагандарды эскертип, өлкөнүн айрым аймактарында акыркы 40 жылда көрүлбөгөн суук аба ырайынын жакындап калганын билдирди.

Аба ырайы кызматы, катуу кар бороону жана суук аба толкунунун өлкөнүн дээрлик бардык аймктарына таасирин тийгизерин белгиледи.



Тектеш кабарлар