Евробиримдик жана НАТО жарыктарын өчүрүштү

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде ЕБ Комиссиясы, Европа Кеңеши жана Европа Парламенти сыяктуу ЕБ мекемелеринен тышкары НАТОнун башкы кеңсесинде да жарыктар өчүрүлдү.

1922297
Евробиримдик жана НАТО жарыктарын өчүрүштү

24-февралдан бери Украинада Орусиянын кол салууларында инфраструктурасынын бузулушунун себебинен электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу Европа Биримдиги (ЕБ) менен НАТОнун имараттарында Украин элине тилектештик үчүн жарыктар өчүрүлдү.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде ЕБ Комиссиясы, Европа Кеңеши жана Европа Парламенти сыяктуу ЕБ мекемелеринен тышкары НАТОнун башкы кеңсесинде да жарыктар өчүрүлдү.

Евробиримдиктин комиссиясынын билдирүүсүндө «Орусия 10 миллион украиналыкты суукта жана караңгыда калтырды»,- деп айтылды.

Евробиримдиктин Украинага электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына каршы жүздөгөн генератор жөнөтүп колдоо көрсөткөнү белгиленген билдирүүдө, Украинага генератор жөнөтүлүшү үчүн башталган акцияны да колдоп жатканы маалымдалды.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын Украинаны караңгылыкта калтыруу үчүн анын инфраструктурасына кол салганын белгилеп, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин тилектештик чакырыгына жооп бергендерин кабарлады.

НАТОнун билдирүүсүндө, Украинадагы ооруканаларды генератор менен камсыз кылуу жана дүйнөнүн көңүлүн бул өлкөгө буруу үчүн башталган демилгени колдогондору белгиленди.

Орусиянын инфраструктурага кол салууларынан улам украин элинин абдан оор шарттарда жашап жатканы айтылган билдирүүдө, НАТО союздаштарынын Украинага ар кандай жардамдарды, анын ичинде керектүү каражат, кышкы кийим, күйүүчү май жана электр тармактарын оңдоо үчүн генераторлор менен камсыз кылышканы маалымдалды.



Тектеш кабарлар