Австрияда качкындар ачкачылык башташты
Убактылуу чатыр конушунда жашап жаткан 30га жакын качкын туруктуу борборлорго өтүү процессинин көпкө созулушу менен ачкачылык башташты
Австриянын Словения чек арасындагы Штирия аймагында качкындады кабыл алынган убактылуу чатыр конушунда жашап жаткан 30га жакын качкын туруктуу борборлорго өтүү процессинин көпкө созулушу менен ачкачылык башташты.
Штирияга караштуу Спилфельд шаарындагы качкындар жана баш калкалоочуларды кабыл алган борбордогу 70 качкындан 30зу ачкачылык баштады.
Качкындардын убактылуу жерден туруктуу борборлорго өтүү процессинин көпкө созулгандыгы, жакындап келе жаткан рождество майрамынан улам бул процесстин дагы да созула тургандыгы белгиленип, бул абалдын чечилиши талап кылынды.
Ачкачылыктын убактысы белгисиз болуп, качкындарды туруктуу жерлерге алып баруучу мекеме кийинки которуунун качан болоору тууралуу азырынча маалымат бөлүшө албасын жарыялады.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.