Австрия менен Польшада сасык тумоо күчөп жатат

Борбор калаа Венанын өлкөдө сасык тумоо толкуну эң таасирдүү болгон жерлердин бири экени, божомолдоолорго караганда оорулардын санынын көбөйүшүнүн улана турганы айтылды.

1922377
Австрия менен Польшада сасык тумоо күчөп жатат

Австрияда сасык тумоо сыяктуу оорулар күчөп, декабрь айынын биринчи аптасында дем алуу жолдорунун оорусуна чалдыккан болжол менен 394 миң бейтаптын катталганы кабарланды.

Саламаттыкты сактоо жана азык-түлүк коопсуздугу агенттигинин (AGES) билдирүүсүндө, сасык тумоо жана ушул сыяктуу оорулардын Австриянын жалпысында таасирдүү болгону, күнүмдүк учурлардын саны өлкө тарыхындагы эң жогорку деңгээлге жеткени белгиленди.

Билдирүүдө 5-12-декабрь күндөрү ар бир 100 миң кишинин 4 миң 338инин сасык тумоо жана ушул сыяктуу дем алуу жолдорунун оорусуна чалдыкканы, 9 миллионго жакын калкы бар өлкөдө 394 миң жаңы учур катталганы маалымдалды.

Борбор калаа Венанын өлкөдө сасык тумоо толкуну эң таасирдүү болгон жерлердин бири экени, божомолдоолорго караганда учурлардын санынын көбөйүшүнүн улана турганы айтылды.

Билдирүүдө балдардын арасында өтө тез жайылып жаткан оорудан улам өзгөчө ооруканалардын педиатриялык клиникалары толуп калганы, ошондуктан бейтаптар үй-бүлөлүк дарыгерлерге же ар башка бөлүмдөргө жөнөтүлгөнү кабарланды.

Польшанын Улуттук саламаттыкты сактоо институту да 1-15-декабрь аралыгында өлкөдө сасык тумоо жана сасык тумоого байланыштуу оорулардын 450 миңден ашуун учуру катталганын билдирди.



Тектеш кабарлар