Талибандын чечимине каршы билдирүүлөр
БУУ Афганистанда Талибан башкаруусунун кыз студенттердин университетте билим алуусун токтотуу чечиминин эл аралык мыйзамдарга терс экендигин белгиледи.
БУУ Афганистанда Талибан башкаруусунун кыз студенттердин университетте билим алуусун токтотуу чечиминин эл аралык мыйзамдарга терс экендигин белгиледи.
БУУ адам укуктарынын жогорку комиссиары Фолкер Түрк жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө мунун Афганистандагы аял укуктарына карата чоң сокку экендигин белгилеп, чечимдин «бүт өлкө үчүн капалантуучу абал» экендигин баса белгиледи.
Пакистан да Афганистандагы Талибан убактылуу өкмөтүнө кыз студенттердин университетте билим алуусунун токтотулушуна байланыштуу чечимди кайрадан карап чыгууга чакырды.
АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Нед Прайс да Талибандын университеттерде кыз студенттердин билим алуусун токтотуусунун кабыл алынгыс экендигин жана АКШнын буга санкциялар менен каршылык көрсөтөрүн айтты.
Талибан башкаруусу кечээ Министрлер кеңешинин чечими менен студент кыздардын университеттерде билим алуусу экинчи жарыяга чейин токтотулганын билдирди.
Тектеш кабарлар
Махмуд Аббас палестиналыктарга тынчсызданууда
Аббас Сауд Арабияда өткөн Эр-Рияд экономикалык форумунун атайын сессиясында сөз сүйлөдү.