Дмитрий Пексков журналисттердин суроолоруна жооп берди

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШга жасаган сапарынан оң натыйжа күтпөгөндөрүн айтты.

1922011
Дмитрий Пексков журналисттердин суроолоруна жооп берди

Кремлдин  басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШга жасаган сапарынан оң натыйжа күтпөгөндөрүн айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттердин күн тартиби тууралуу суроолоруна жооп берди.

Россия Донецкке кошумча абадан коргонуу системаларын жибереби деген суроого жооп берген Песков : «Россиянын президенти Владимир Путин Донецктеги абалдын бир топ оор экенин айтты. Россиянын Коргоо министрлиги да кырдаалды жакшы жакка буруу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат»,- деди.

Россиянын Зеленскийдин АКШ сапарынан оң жыйынтык күтүп же күтпөгөндүгүнө байланыштуу суроого  Песков «жок» деп жооп берди.

АКШнын Украинага карата жаңы курал жөнөтүүсүнө карата реакциясын да билдирген Песков : «Курал жиберүүнүн улантылышы менен бирге жиберилген куралдардын түрлөрү да кеңейүүдө.  Булардын баары кагылышуулардын дагы терс тарапка багытталышына себеп болууда жана бул Украина үчүн  жакшы эмес»,- деди.

 



Тектеш кабарлар