АКШ Германия - Түркия - Греция үчтүк жолугушуусун жылуу кабыл алгандыгын билдирди

Жолугушууда Түркия менен Грециянын ортосундагы байланыш каналдарын жандандыруу маселеси каралды.

1921708
АКШ Германия  -  Түркия -  Греция үчтүк жолугушуусун жылуу кабыл алгандыгын билдирди

Америка Кошмо Штаттары Германия, Түркия жана Греция делегацияларынын арасында Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги жолугушууну жылуу кабыл алгандыгын билдирди.

Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс күнүмдүк басма сөз жыйынында билдирип : «Өнөктөштөрүбүз өзгөчө НАТО өнөктөштөрүбүздүн ортосундагы биримдик жана ынтымактыкка муктаж болгон учурда турабыз. Чыңалууну күчөткөн чагымчыл билдирүүлөр капалантат. Альянстын ичинде эки альянстын мүчөсүнүн ортосундагы тирешүү эч кимге эч кандай пайда алып келбейт. Ушул алкакта президент Эрдогандын басма сөз катчысы жана башкы кеңешчиси Ибрахим Калын менен Грециянын премьер - министринин дипломатиялык кеңсесинин директору Анна Мария Боуранын Брюсселдеги жолугушуусун ыраазычылык менен кабыл алабыз»,-деди.

Президенттиктин басма сөз катчысы, элчи Ибрахим Калын, Германия Федералдык канцлеринин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча кеңешчиси Йенс Плотнер жана Грециянын премьер-министринин дипломатиялык кеңсесинин директору Анна-Мария Боура 16-декабрда Брюсселде үч тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Түркия менен Грециянын ортосундагы байланыш каналдарын жандандыруу маселеси каралды.



Тектеш кабарлар