Кытайда Ковид - 19дан эки киши каза болду

Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясынын маалыматына караганда өлкөдө акыркы 24 саатта 1995 бейтап аныкталып, анын ичинен 77си өлкө тышынан келип, 2 киши каза болгон

1921293
Кытайда Ковид  - 19дан  эки киши каза болду

Кытайда Ковид  - 19 эпидемиясына карата чаралар жумшартылгандан кийин расмий маалыматтарда вирустан каза болгондор тууралуу билдирилди.

Улуттук саламаттыкты сактоо комиссиясынын маалыматына караганда өлкөдө акыркы 24 саатта 1995 бейтап аныкталып, анын ичинен 77си өлкө тышынан келип, 2 киши каза болгон.

Борбор шаар Пекиндеги адамдардын өлүмү Кытайдын 7 - декабрда Ковид – 19  чараларын жеңилдетүүгө карата жаңы ыкманы кабыл алгандан кийин катталган вируска байланыштуу өлүмдөрдүн биринчи учурлары болду.

Эксперттер чаралардын жумшартылышы менен вирустун кенен жайылганына карабастан, оорулардын жана өлүмдөрдүн санында олуттуу өсүүнүн байкалбашында жаңы ыкмада тестирлөө талабынын жоюлушу менен  тестирлөө көрсөткүчүнүн азайышынын таасирдүү болушу мүмкүн экендигин белгилешүүдө.  

Пекинде ооруканаларда, моргдорда жана крематорийлерде тыгыздыктын  аоткандыгы байкалып, каза болгондордун жакындары улуттук жана эл аралык басма сөзгө берген маалыматтарында маркумдардын акыркы учурларында дем алуу кыйынчылыгын тарткандай эле айрым Ковид  - 19  белгилеринин байкалгандыгын билдиришти.

Биргелешкен эпидемиядан коргонуу жана көзөмөлдөө механизми 7 -  декабрда Ковид  - 19га карата чаралардын ишке ашырылышында жаңы   кыймыл  - аракеттерди жарыялады; кенен масштабда жабуу, борбордук карантин, массалык тестирлөө, саякат чектөөлөрдү токтотуу керектигин билдирген.

 

 

 



Тектеш кабарлар