Француздар Улуттук курама командасын кол чабуулар менен тосуп алышты

Колдорунда француз желектерин көтөргөн тарапкерлер Франциянын улуттук гимнин ырдап, "Рахмат көктөр" деп ураан чакырышты.

1921010
Француздар Улуттук курама командасын кол чабуулар менен тосуп алышты
Hotel Crillon balcony  Paris  France players  2006 2
Hotel Crillon balcony  Paris  France players  2006 1
Hotel Crillon balcony  Paris  France players  2022 3
Hotel Crillon balcony  Paris  France players  2022 2
Hotel Crillon balcony  Paris  France players  2022

Француздар финалда Аргентинага утулуп калган футболчуларынын көңүлүн жубатты.

2022-жылкы дүйнөлүк чемпионатта экинчи болгон Франциянын Улуттук курама командасынын оюнчуларын Париждеги "Конкорд" аянтында болжол менен 50 миң күйөрман кол чабуулар менен тосуп алышты.

Колдорунда француз желектерин көтөргөн тарапкерлер Франциянын улуттук гимнин ырдап, "Рахмат көктөр" деп ураан чакырышты.

«Көктөр» аянттагы «Криллон» мейманканасынын балконунан күйөрмандары менен саламдашып жатканда футболчулардын көңүлү чөккөнү жүздөрүнөн көрүнүп турду.

Бул көрүнүштөр 2006-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын финалында Италияга пенальтиден утулуп калган франциялык футболчуларды эске салды.

Ал мезгилде да француздар менен футболчулар ушул эле мейманканада, ушул эле балкондо болушкан.



Тектеш кабарлар