Макрон француз футболчуларынын көңүлүн жубатты

Беттешти "Лусаил" стадионунда трибунадан көргөн Макрон, пенальтиден кийин оюн талаасына барып Килиан Мбаппени кучактады.

1920656
Макрон француз футболчуларынын көңүлүн жубатты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон дүйнө чемпионатынын финалында Аргентинага утулуп калган француз футболчуларынын көңүлүн жубатты.

Беттешти "Лусаил" стадионунда трибунадан көргөн Макрон, пенальтиден кийин оюн талаасына барып Килиан Мбаппени кучактады.

Хет-трик жасаган Мбаппе мыкты бомбардир болду...

Аргентинага киргизген 3 гол менен турнирдеги гол санын 8ге жеткирген Мбаппе катары менен эки дүйнөлүк чемпионаттын финалында ойноого жетишти.

23 жаштагы футболчунун дүйнөлүк чемпионатта киргизген жалпы гол саны 12 болду.



Тектеш кабарлар