Мария Захарова Боррелге каршылык көрсөттү

Захарова Европа Биримдигинин Россияга жасаган санкцияларга кошулушу үчүн Түркияга кысым жасагандыгын билдирди.

1920120
Мария Захарова  Боррелге каршылык көрсөттү

Россиянын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова Түркиянын Европа Биримдигинин Россияга карата киргизилген санкцияларга кошулушуна байланыштуу сөздөрүнөн улам Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Жосеп Бореллди сынга алды.

Катчы Захарова Боррелдин Түркиянын Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр сыяктуу Россияга каршы санкцияларга баш ийиши тууралуу сөздөрүнө кандай баа бергендиги тууралуу берилген суроого жооп берди.

Боррелдин сөздөрүндө «акылдуу ой жүгүртүүнүн» жок экендигин белгилеген Захарова Түркиянын Москва башкаруусу менен болгон карым  - катнашынан улам бутага алынгандыгын айтты. Захарова Европа Биримдигинин Россияга жасаган санкцияларга кошулушу үчүн Түркияга кысым жасагандыгын билдирди.

Захарова Боррел жана башка батыштык расмий жетекчилердин Түркия жана башка өлкөлөрдүн “улуттук кызыкчылыктарын көрбөстүккө салып жаткандыгын” айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркмөнстандан кайтып келе жатып  учакта журналисттердин  Боррелдин : «Түркия да Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер сыяктуу Россияга каршы санкцияларга баш ийиши керек",- деген билдирүүсүнө жана : «Европа Биримдигиндеги лидерлер арасында  Россия - Украина саясатына байланыштуу сиздин саясатыңызга эң жакын кайсы лидер деп ойлойсуз",- деген суроосуна төмөнкүчө жооп берген :  «Боррелди маектешим катары көрбөймүн. Ал Мевлүт мырзанын маектеши болушу мүмкүн. Сүйлөгөн сөзү туура эмес. Боррел биздин Россия менен карым  - катнаштарыбызды жөнгө сала албайт. Ал мындай темаларда чечим  чыгара албайт жана чечим чыгара турган сапатта да эмес».

Президент Эрдоган : «Сен биздин Россия менен болгон карым – катнаштарыбызга кантип санкциялар ичинде  баа бере аласың»,- деген.

 

 

 



Тектеш кабарлар