Зеленскийдин видео кайрылуусу

Владимир Зеленский, Донбасс аймагында катуу кагылышуулардын уланып жатканын билдирди.

1919665
Зеленскийдин видео кайрылуусу

Украинанын президенти Владимир Зеленский, орус армиясынын 15-декабрда Украинанын Херсон шаарын 16дан ашык жолу бутага алганын билдирди.

Зеленский өзүнүн Telegram баракчасынан күнүмдүк видео бөлүшүүсүндө, орус армиясынын Херсон шаарына жасаган кол салуусунда Кызыл Чырымдын жардам пунктунда ыктыярчы болуп иштеген медицина кызматкери бир аялдын каза болгонун айтты.

Владимир Зеленский: «Орусия Херсонду бир күн бою 16дан ашык жолу бомбалады. Бир күндө эле жана бул күнүгө ушундай»,-деди.

Донбасс аймагында катуу кагылышуулардын уланып жатканын жана бул жердеги калктуу конуштарга жасалган кол салууларда жарандык инфраструктуранын бутага алынганын билдирген Зеленский, орус күчтөрүнүн Украина армиясына каршы ийгиликсиз болгонун айтты.

Орусия себеп болгон кыйроонун токтотулушу керектигин белгилеген Зеленский, кол салууларды токтотуунун жалгыз жолунун орустарды Украина аймагынан чыгаруу экенин баса белгиледи.

Украина лидери кечээ да Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүн, Орусиянын 24-февралдан бери уланып жаткан чабуулдарынын натыйжасында энергетикалык инфраструктурасы чоң зыянга учураган Украинага жаратылыш газ жана электр энергиясын сатып алуусуна колдоо көрсөтүүгө чакырган. 



Тектеш кабарлар