Моди-Путин сүйлөшүүсү

Лидерлердин эки тараптуу мамилелердин түрдүү аспектилерин, анын ичинде энергетика, соода, инвестиция, коргоо жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты жана берки тармактарды талкуулагандары маалымдалды.

1920016
Моди-Путин сүйлөшүүсү

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

"India Times" гезитинин кабарына караганда, Премьер-министрликтин билдирүүсүндө Модинин Путинге Орусия-Украина согушу темасында диалог жана дипломатиянын алдыга жылуунун жалгыз жолу экенин айтканы белгиленди.

Билдирүүдө лидерлердин эки тараптуу мамилелердин түрдүү аспектилерин, анын ичинде энергетика, соода, инвестиция, коргоо жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты жана берки тармактарды талкуулагандары маалымдалды. 

Эки лидердин үзгүлтүксүз байланышта болууну макулдашкандары жана Модинин Индиянын Шанхай Кызматташтык Уюмуна төрагалыгы учурунда эки өлкөнүн биргелешип иштешин чыдамсыздык менен күткөнүн айтканы билдирилди. 



Тектеш кабарлар