Марокко падышасы улуттук командасын куттуктады

Король Мухаммед VI, команданын капитаны Ромен Саис жана машыктыруучу Валид Реграгуи менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1919310
Марокко падышасы улуттук командасын куттуктады

Марокко падышасы Мухаммед VI, Катарда өтүп жаткан футбол боюнча 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын жарым финалында кечээ Франция менен ойногон Марокконун улуттук командасынын ийгилигинен ыраазы болгонун билдирди.

Марокконун расмий MAP агенттигинде орун алган кабарга караганда Король Мухаммед VI, команданын капитаны Ромен Саис жана машыктыруучу Валид Реграгуи менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүлөрдө «Атлас арстандары» деп аталган Марокконун улуттук командасынын «жогорку жетишкендиктерин» мактаган король, командага кийинки беттешинде ийгилик каалады.

Марокко падышасы, машыктыруучу Реграгинин команданын жетекчилигин милдеттенгенден бир нече ай өткөндөн кийин мыкты футболчулардан турган команда түзө алганын жана дүйнөлүк чемпионатта жогорку ийгиликти камсыз кылганын айтты.

Мухаммед VI, кечээки матчтан кийин Франциянын президенти Эммануэль Макронго да телефон чалып, Франциянын Улуттук курама командасын финалга чыгышы менен куттуктады.

Катардын кожоюндугунда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалдык беттешинде Францияга 2-0 эсебинде утулуп калган Марокконун финал максаты ишке ашкан жок. Марокко 17-декабрь ишемби күнү Хорватия менен үчүнчү орун үчүн беттешет.



Тектеш кабарлар