Иран менен Орусиянын ортосунда космостук кызматташуу келишими

Келишимге Ирандын Космос агенттиги менен Орусиянын Федералдык Космос агенттигинин (Роскосмос) жетекчилери кол коюшту.

1919315
Иран менен Орусиянын ортосунда космостук кызматташуу келишими

Иран менен Орусиянын ортосунда космостук өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин кабарына караганда, аталган меморандумга Ирандын Космос агенттиги менен Орусиянын Федералдык Космос агенттигинин (Роскосмос) жетекчилери Ирандын Киш аралында өткөрүлгөн Эл аралык авиация жарманкесинде кол коюшту.

Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн Ирандын Космос агенттигинин жетекчиси Хасан Саларие, кол коюлган меморандумдун эки өлкөнүн ортосундагы космос тармагындагы кызматташтык боюнча байланышты бекемдей турганын айтты.

Саларие: «Бул кызматташтык документи сезгич жана телекоммуникациялык спутниктерди курууда кызматташуу, лабораториялык инфраструктураны түзүү жана чогултуу, ошондой эле учуруу базасын жана спутниктик сыноолорду жүргүзүү сыяктуу темаларды камтыйт»,-деди.

Роскосмостун жетекчиси Юрий Борисов да Москва менен Тегерандын космос тармагындагы кызматташтыгы 2002-жылы башталганын билдирди.

Ирандын бул тармакта олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгилеген Борисов: «Ирандын космостук өнөр жайын өнүктүрүү программасы бул өнөр жайдын бардык тармактарын камтыйт жана Орусия Иранга өз максаттарын ишке ашырууга жардам берип жатат»,-деди.

Борисов Орусиянын космос станциясына ирандык астронавттарды жөнөтүүнүн эки өлкөнүн биргелешкен программаларынын бири экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар