АКШда ТикТокко тыюу салуу мыйзам долбоору

Сенаттын Башкы ассамблеясы «Мамлекеттик шаймандарда ТикТокко каршыбыз» деген мыйзам долбооруна добуш берди.

1919292
АКШда ТикТокко тыюу салуу мыйзам долбоору

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Сенаты, улуттук коопсуздук тынчсызданууларына байланыштуу федералдык өкмөттүн кызматкерлерине TikTokту мамлекеттик түзмөктөргө жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алды.

Сенаттын Башкы ассамблеясы «Мамлекеттик шаймандарда ТикТокко каршыбыз» деген мыйзам долбооруна добуш берди.

Мыйзам долбоору бардык сенаторлордун «макул» добушу менен кабыл алынды.

Каралып жаткан мыйзам долбоору менен федералдык өкмөт кызматкерлерине TikTok тиркемесин мамлекеттик түзмөктөргө жүктөп алууга тыюу салынат.

Долбоор мыйзамга кириши үчүн алгач Конгресстин Өкүлдөр палатасы тарабынан бекитилип, андан соң АКШ президенти Жо Байден кол коюшу керек.

Америкалык саясатчылар жана чалгын кызматтары, Пекинде жайгашкан ByteDance Ltd тарабынан иштелип чыккан тиркемедеги жеке маалыматтар Кытай өкмөтүнө берилип, бул «улуттук коопсуздукка тынчсызданууну» жаратат деп белгилешет.

ТикТоктун жетекчилери болсо, маалыматтардын Кытай өкмөтү менен эч кандай түрдө бөлүшүлбөгөнүн жана өкмөт алардан мындай өтүнүч кылбаганын жакташууда.



Тектеш кабарлар