АКШда катуу куюн болду

3 адамдын өмүрүн алган куюндун айынан өлкө боюнча 40 миңден ашык абонент электр жарыгысыз калды.

1919452
АКШда катуу куюн болду

АКШнын Луизиана штатындагы куюндан 3 адам каза тапты.

Жаңы Орлеанг менен бирге штаттын түндүгүнөн түштүгүнө чейин таасирдүү болгон катуу шамал жашоого терс таасирин тийгизди.

Өлкө боюнча 40 миңден ашык абонент электр жарыгысыз калды.

Жаңы Орлеандын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Коллин Арнольд, куюндун шаардагы ишканаларга жана турак жайларга чоң зыян келтиргенин айтты.

Шревепорт шаарына жакын жердеги айылда жашаган бала менен энеси, куюндун үйүн талкалашынын себебинен каза болушту.

St. Charles Parish аймагына караштуу Киллонада да катуу шамалдан кийин аялдын жансыз денеси табылды.

Небраска, Вайоминг, Түштүк Дакота жана Миннесота штаттарында болжол менен 500 миң адамдын бороон-чапкын коркунучу алдында турганы билдирилди.

Луизиана, Миссисипи, Алабама жана Флорида штаттары менен бирге Перс булуңунун жээктеринде катуу шамал күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар