Италия: "Түркия, Кытай жана АКШ көбүрөөк кысым көрсөтүшү керек"

Франциянын борбор шаары Парижде өткөрүлгөн «Украина эли менен тилектештик» конференциясына катышкан Таяни Италия басма сөзүнө берген маалыматында

1918701
Италия: "Түркия, Кытай жана АКШ көбүрөөк кысым көрсөтүшү керек"

Италиянын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Антонио Таяни Украина-Орусия согушунда Түркия, Кытай жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ок атууну токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн көбүрөөк кысым көрсөтүшү керектигине ишенгенин айтты.

Франциянын борбор шаары Парижде өткөрүлгөн «Украина эли менен тилектештик» конференциясына катышкан Таяни бул жерде итальян басма сөзүнө берген маалыматында: «Украинада тынчтык тилекке каршы анча жакын эмес, бирок биз эч качан үмүтүбүздү үзбөшүбүз керек. Орусиянын Украинага каршы согушту уланта албасын түшүнүүсү үчүн аракет жасап, баарын кылышыбыз керек»,- деди.

Таяни: «Бул согуштун эң кыска убакыттын ичинде ушул маселедеги жалгыз адилеттүү чечим болгон Украинанын көз карандысыздыгына таянган чечим менен бүтүшүн үмүт кылабыз»,-деп айтты.

Тынчтык сүйлөшүүлөрү алдыдабы же жокпу деген суроого болсо Таяни ар кандай сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүү керектигин белгилеп: «Түркия, Кытай жана АКШнын ок атууну токтотуу жана сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн көбүрөөк кысым көрсөтүшү керектигине жана кыла аларына ишенем»,- деди.

Антонио Таяни, орустардын бул темада Запорожье атомдук станциясына байланыштуу биринчи кадамды таштоо менен белги бере ала турганына көңүл бурду.

Таяни Италиянын Украинадагы жарандарга жардам берүү үчүн өз милдетин аткарууга даяр экенин жана 10 миллион евро бөлө тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар