Иранда абанын булганышынан улам мектептерде билим берүүнүн токтотулушу узартылды

Абанын булганышы боюнча чукул абал тобу жарандардан керек болмоюнча саякатка чыкпоолору керектигин эскертти.

1918585
Иранда абанын булганышынан улам мектептерде билим берүүнүн токтотулушу узартылды

Ирандын Эльбурс  жана Тегеран провинцияларында абанын булганышынын  жогорку деңгээлге жеткендиги жана бардык топтогу адамдардын ден соолугуна зыяндуу деген негиз менен мектептерде билим берүүнү токтотуунун узартылгандыгы жарыяланды.

Ирандын расмий маалымат агенттиги ИРНАнын кабарында абанын булганышы боюнча  чукул абал тобунун өткөргөн жыйынында Эльбурс жана Тегеран провинцияларынын Пердис, Демавенд жана Фирукох шаарларынан башка бардык шаарларда университеттер менен бирге бардык мектептердин шаршемби жана бейшемби күндөрү жабылышына чечим чыгарылгандыгы белгиленди. Кабарда сабактардын эрте менен онлайн өткөрүлөрү билдирилди.

Абанын булганышы боюнча чукул абал тобу жарандардан керек болмоюнча саякатка чыкпоолору керектигин эскертти.

Кабарда борбор шаар Тегеранда абанын сапатынын 168 индексинин айланасында экендиги, мунун бардык топтогу адамдардын  ден соолугуна  зыяндуу шарт деген мааниге келгендиги баса белгиленди.

Тегеран жана Эльбурс провинцияларын мектептер оболу ишемби жана жекшемби күнү эс алууга чыгып, абанын булганышынын улантылышынан улам дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү да билим берүүнүн токтотулгандыгы билдирилген. Иранда мектептер үчүн расмий эс алуу күнү бейшемби жана жума күндөрү.

Абанын айлануусуна ылайык болбогон жана калктын жыштыгы менен бирге  эски үлгүдөгү унаалар менен кеңири колдонулган мотоциклдер чыгарган газдар Тегеранда абанын булганышын арттырган факторлордун бири.

 Абанын  булганышы боюнча дүйнөдөгү эң алдыңкы 3 шаардын катарына кирген  ушул себептен Тегеранда мектептер тез-тез каникулга чыгууда.



Тектеш кабарлар