Грецияда митингге чыккандар полицияга каршылык көрсөтүштү

Грецияда 5 – декабрда полициянын ок атуусу менен оор жаракат алган жана кечээ каза болгон 16 жаштагы бала үчүн борбор шаар Афинада болгон митингде окуя чыкты.

1918732
Грецияда митингге чыккандар полицияга каршылык көрсөтүштү

Грецияда 5 – декабрда полициянын ок атуусу менен оор жаракат алган жана кечээ каза болгон 16 жаштагы бала үчүн борбор шаар Афинада болгон митингде окуя чыкты.

Каза болгон  цыган тектүү Костас Франгулис үчүн Афинанын борборунда чогулган топтогулар Франгулис үчүн адилеттикке чакырып  «Цыгандардын өмүрү кымбат» деген ураан менен жүрүштү.

Митингге чыккан бир топ менен полициянын ортосунда чыккан кагылышууда полиция митингге чыккандарды таратуу үчүн калемпир газы жана басымдуу суу колдонду. Окуяларда көп сандаган киши камакка алыгып, бир киши жаракат алды.

Франгулис үчүн Салоникинин Камара аймагында чогулган митингчилер да шаардын борборунда нааразычылык акциясына  чыгышып полициянын зомбулугуна каршы ураандарды чакырышты.

Афинанын батышындагы Аспропиргос аймагындагы цыгандар кварталында да темир жолго жакын жерде жагылган оттун айынан поезд каттамдары үзгүлтүккө учурады.

Афинадагы цыгандар жашаган аймактарда автобус каттамдары сак болуу максатында токтотулду.

Грециянын Салоники шаарында «токто» эскертүүсүнө баш ийбей качып кеткен айдоочу 5 - декабрда полициянын аткылоосунан улам оор жаракат алып, реанимация бөлүмүндө дарыланууга алынган.

Грециянын полиция уюмунан (ELAS) берилген маалыматта, сатып алган бензиндин акчасын төлөбөй чыгып кеткен май куючу станциянын кызматкеринин арыздануусунан кийин полициянын баланын артынан түшкөнү белгиленди.

Билдирүүдө полициядан кутулуу үчүн унааны коркунучтуу түрдө айдаган жана эскертүүлөргө кулак салбаган баланы полиция эки жолу ок атуу менен токтотууга аракет кылгандыгы билдирилди.

Кечээ Ипократеио ооруканасынан берилген маалыматка караганда,  5 -  декабрдан бери дарыланып жаткан бала кечээ эрте менен каза болду.



Тектеш кабарлар