Жозеп Боррелл Россияга каршы жаңы санкциялар пакети боюнча келишим түзүлбөй жатканын айтты

Европа Биримдигинин өкүлү пакеттин ушул жуманын аягында бекитилет деген үмүттө экендигин билдирди.

1918209
Жозеп Боррелл Россияга каршы жаңы санкциялар пакети боюнча келишим түзүлбөй жатканын айтты

Европа Биримдигинин  тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл Россияга каршы жаңы санкциялар пакети боюнча келишим түзүлбөй жатканын айтты.

Боррелл Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийинки билдирүүсүндө, министрлердин Россияга каршы 9 - санкция пакети боюнча бир пикирге келе албаганын белгиледи.

Европа Биримдигинин өкүлү пакеттин ушул жуманын аягында бекитилет деген үмүттө экендигин билдирди.

Бирок пакетте орун ала турган 200гө жакын киши жана жеке активдерге багытталган санкциялардын кабыл алынганын айткан Боррелл : «Бул орус коргонуу секторуна жана армиясына чоң зыян келтирет. Орус өкмөтүнүн думадагы, Федерация Кеңешиндеги жана сот системасындагы саясатчыларга да зыян келтирет»,- деди.

Европа Биримдиги Комиссиясынын акыркы пакет тууралуу сунушунда 200гө жакын киши жана мекеме тууралуу 3 орус  банкынын санкция тизмесине кошулушу, кош максатта колдонулуучу продукциянын экспортуна тыюу салууну жана тоо-кен тармагындагы инвестицияга тыюу салууну камтып жаткан.

Боррел ошондой эле бүгүн Европа Биримдиги - Чыгыш өнөктөштүк саммитинде Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин украин, грузин, молдован, армян жана азербайжандык кесиптештери менен жолугуп, Украинадагы согуштун аймак үчүн кесепеттерин талкуулашкандарын билдирди.

 

 

 



Тектеш кабарлар