Иран Кытайга үч арал боюнча каршы чыкты

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани Сауд Аравиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн Кытай- Перс булуңу Кызматташтык Кеңешинин саммитинен кийин жарыяланган жыйынтык декларациясына каршы чыкты.

1917397
Иран Кытайга үч арал боюнча каршы чыкты

Иран, Кытай-Перс булуңу Кызматташтык Кеңешинин (КПК) саммитинен кийин Перс булуңундагы Ирандын көзөмөлүндөгү жана Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) да үстөмдүк кылууну талап кылган үч арал боюнча жасалган биргелешкен билдирүүгө жооп катары, Кытайдын Тегерандагы элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Кенани Сауд Аравиянын борбор шаары Эр-Риядда өткөрүлгөн Кытай- Перс булуңу Кызматташтык Кеңешинин саммитинен кийин жарыяланган жыйынтык декларациясында өлкөсүнө карата айтылган айыптоолорду айыптагандарын айтты.

Перс булуңундагы Ирандын көзөмөлүндө болгон жана БАЭ да үстөмдүк кылганын айткан Абу Муса, Улуу Тунб жана Кичи Тунб аралдарына байланыштуу билдирүүлөргө токтолгон Кенани: «Иран бул аралдарга ар кандай дооматтарды өзүнүн ички иштерине жана аймагына кийлигишүү катары баалайт жана аны катуу айыптайт»,- деди.

Бул маселеге байланыштуу Кытайдын Тегерандагы элчиси Чан Хуанын Тышкы иштер министрлигине чакырылганын белгилеген Кенани, Ирандын «катуу нааразылыгынын» элчиге жеткирилгенин айтты.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Сауд Арабияга жасаган иш сапарынын алкагында эки өлкө жарыялаган биргелешкен билдирүүнүн бир бөлүгүндө Иранды «башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишпөөгө» чакырган.

Саммиттен кийин жарыяланган биргелешкен билдирүүдө «БАЭнин Чоң Тунб, Кичи Тунб жана Абу Муса аралдары боюнча Иран менен чатагын эл аралык укуктун жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде тынчтык жолу менен чечүү аракети менен катар бардык тынчтык аракеттерди колдоо» баса белгиленген.

Иран менен БАЭ Абу Муса жана Чоң Тунб жана Кичи Тунб аралдарынын эгемендигин талап кылышууда.

Аралдар 1971-жылга чейин Британиянын оккупациясында болгон. 1971-жылы ноябрда Британия аралдарды БАЭге өткөрүп берип чыгып кеткенден кийин дароо эле Иран аралдарды өз көзөмөлүнө алган. Бириккен Араб Эмирликтери аскердик күчтөрүн аралдарга жайгаштырган Иранды «баскынчы» катары мүнөздөйт.

Аралдардагы укуктары тарыхый жактан байыркы деген тезисти сунуштаган Иран аралдардын 1903-жылы британиялыктар тарабынан убактылуу басып алынганын жана 1971-жылы кайтарылганын, ошондуктан «ал кезде түзүлө элек БАЭ эгемендикти талап кыла албайт» деп ырастоодо.



Тектеш кабарлар