Евробиримдик өлкөлөрү Украинага насыя берүүнү жактырышты

Европа Кеңеши Украинага 18 миллиард евролук жардам көрсөтүү үчүн мүчө мамлекеттерди камтыган пакеттин кабыл алынганын жарыялады.

1917328
Евробиримдик өлкөлөрү Украинага насыя берүүнү жактырышты

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Украинага келерки жылы 18 миллиард евро насыя берүүнү камтыган жардам пакетин жактырды.

Европа Кеңеши Украинага 18 миллиард евролук жардам көрсөтүү үчүн мүчө мамлекеттерди камтыган пакеттин кабыл алынганын жарыялады.

Пакеттин Украинага каржылык колдоо көрсөтүү үчүн структуралык чечим сунуш кылганы белгиленген билдирүүдө : «Украинага 2023-жылы бериле турган насыянын көлөмү 18 миллиард евро болот»,-деп айтылды.

Билдирүүдө сөз кылынган кредиттин 10 жыл кайтарылбай турганына көңүл бурулуп, насыянын пайыздык чыгымынын басымдуу бөлүгүн мүчө өлкөлөр каржылай турганы белгиленди.

Карыз алуу кепилдигинин мүчө мамлекеттер тарабынан берилери белгиленген билдирүүдө максаттын Украинага колдоо көрсөтүү экени баса белгиленди.

Билдирүүдө бул ресурс Украинанын чукул муктаждыктарын каржылоо жана маанилүү инфраструктураны оңдоо сыяктуу тармактарга багытталганы белгиленген.

Украинаны колдоо алгач Евробиримдиктин 27 өлкөсүнүн бир добуштан макулдугун талап кылган жардам пакети катары иштелип чыккан.

Евробиримдиктин бүтүндөй Украинага каржылык колдоо көрсөтүүсүнө жана бул максатта биргелешип карыз алууга каршы болгон Венгрия, ар бир мүчө мамлекет Украинага өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам бериши керектигин жактаган.

Венгрия ушул аптада Украинага каржылык жардам көрсөтүү пакетине вето койгон болчу.

Венгрия жактырбагандан кийин, башка өлкөлөр Евробиримдиктин бюджетинин ордуна мүчө мамлекеттердин кепилдиктерин камтыган пакетти кайра иштеп чыгышты.

Сөз болуп жаткан пакет күчүнө кириши үчүн Европарламент (ЕП) тарабынан бекитилиши керек.



Тектеш кабарлар