ЕБ Хорватиянын Шенгенге кошулушун жактырды

Хорватиянын кошулушу менен 27 мүчөлүү болгон Шенген аймагына 60тан ашуун өлкөнүн жарандары визасыз бара алышат.

1916885
ЕБ Хорватиянын Шенгенге кошулушун жактырды

Европа Биримдиги (ЕБ) Хорватиянын визасыз саякат аймагы Шенгенге кошулушуна макулдук берди.

Евробиримдиктин кезектешкен төрагасы Чехиянын ички иштер министри Вит Ракусан жана ЕБ комиссиясынын ички иштерден жооптуу мүчөсү Ильва Юханссон Евробиримдиктин ички иштер министрлеринин жыйыны уланып жатканда басма сөзгө билдирүү жасашты.

Ракусан министрлердин Хорватиянын Шенген аймагына кошулушун жактыргандарын жарыялады.

Австриянын ветосу менен Румыния жана Болгариянын арызы четке кагылган чечимге токтолгон Ракусан: «Менин оюмча, Румыния менен Болгария да Шенгенге мүчө болууга даяр»,- деди.

Юханссон мындан улам өкүнүчтө экенин билдирип, эки өлкөнүн жарандарына кайрылды.

«Сиздер да Шенгенге мүчө болууга жана эркин жүрүүгө татыктуусуздар. Көптөгөн мүчө мамлекеттердин колдоосуна ээ болдуңуздар» деген Юханссон, эки өлкөнүн мүчөлүгүнүн артыкчылыктуу күн тартиби болууну уланта турганын баса белгиледи.

Австрия, акыркы убакта башпаанек сурагандардын саны кескин көбөйгөндүктөн Болгария жана Румыниядан өлкөгө келгендер мыйзамсыз миграцияны күчөтөт деп кооптонууда.

Хорватиянын кошулушу менен 27 мүчөлүү болгон Шенген аймагына 60тан ашуун өлкөнүн жарандары визасыз бара алышат. 100дөн ашык өлкөнүн жарандарынан болсо виза талап кылынууда.



Тектеш кабарлар