Польша, Литва жана Эстониянын орус мунайы боюнча баа берүүсү
Үч өлкөнүн министрликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө сөз кылынган чечимдин узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кабыл алынганы белгиленди.
Польша, Литва жана Эстониянын Европа иштери боюнча министрлери Орусиядан деңиз аркылуу ташылган мунайдын баррелине 60 доллардан ашпаган чек коюу чечимин кубатташты.
Үч өлкөнүн министрликтеринин биргелешкен билдирүүсүндө сөз кылынган чечимдин узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кабыл алынганы белгиленди.
Чечим менен орус мунайына карата киргизилген санкциялардын да эффективдүү боло турганына көңүл бурулган билдирүүдө төмөнкү сөздөр орун алды: «Биз Орусиядан деңиз аркылуу ташылган мунайдын баррелине чектүү бааны 60 доллардан орнотуу чечимин кубаттайбыз. Биздин сунуш боюнча чектүү баа ар 2 ай сайын каралат. Биз Орусиянын мунай сатуудан түшкөн кирешесин толугу менен токтотуу үчүн көбүрөөк аракет кылаарыбызды баса белгилейбиз».
Билдирүүдө, баанын чегинин Орусиянын 24-февралдан бери Украинага жасаган агрессиясына каршы ташталган кадамдардын бири болгону баса белгиленип, Киевге колдоо көрсөтүүнүн Москванын тоңдурулган активдерин колдонуу менен кошо башка варианттарды да баалоо менен улантышы керектиги баса белгиленди.
Евробиримдик өлкөлөрү 2-декабрда Орусиядан деңиз аркылуу ташылган мунайдын баррелине 60 доллардан ашпаган чектик бааны колдонууну макулдашышкан.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.