Орусияда Миг-31 учагы кулап түштү

Бул тууралуу Орусиянын Чыгыш аскер округунун басма сөз кызматынын билдирүү таратты.

1914035
Орусияда Миг-31 учагы кулап түштү

Орусиянын Приморск аймагында «Миг-31» үлгүсүндөгү согуштук учак окуу учуу учурунда кулап түшкөнү маалым болду.

Орусиянын Чыгыш аскер округунун басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Миг-31 үлгүсүндөгү согуштук учактын пландалган машыгуу учуусун аткарып жатып Приморский районундагы Алексеевка айылына жакын жердеги токойго кулап түшкөнү белгиленди.

Билдирүүдө экипаждын учактан чыгаруучу отургуч менен секиргени, алгачкы аныктамалар боюнча окуяда жабыркагандар болбогону белгиленди.

Билдирүүдө, «Учак ок-дарысыз учкан. Учактын кыйрашына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болушу мүмкүн»,деген сөздөр камтылган.

 



Тектеш кабарлар