Литва Орус дипломатын өлкөдө кааланбаган адам деп жарыялады
LRT телеканалынын кабарына караганда, Литванын Тышкы иштер министрлигине Орусиянын элчилигинин кызматкери чакырылып, ага нота берилген.
1913803
Литва Орусиянын Вильнюстагы элчилигинде кызмат кылган бир дипломатты персона нон грата деп жарыялаганын билдирди.
LRT телеканалынын кабарына караганда, Литванын Тышкы иштер министрлигине Орусиянын элчилигинин кызматкери чакырылып, ага нота берилген.
Орус дипломатын персона нон грата деп жарыялоонун себебин «дипломатиялык статуска туура келбеген ишмердүүлүк» деп аташкан.
Министрликтин билдирүүсүндө сөз болуп жаткан адамдын 5 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетиши талап кылынганы айтылган.
Мындай чечимдин Литвада Орусия менен Украинанын ортосунда 24-февралда башталган согуштан бери 4-ирет кабыл алынганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду
Жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгону маалымдалды.