Италиядан Украинага курал-жарак жардамы

Министрлер кеңеши, учурда Украинага курал жардамын көрсөткөн жана мөөнөтү жылдын башында бүтө турган жарлыкты талкуулады.

1913840
Италиядан Украинага курал-жарак жардамы

Италия өкмөтү 2023-жылы Украинаны курал-жарак, жабдык жана аскердик техника менен камсыздоо боюнча жаңы жарлыкты бекитти.

Премьер-министр Жоржия Мелонинин жетекчилигинде кечинде борбор шаар Римде чогулган Министрлер кеңеши, учурда Украинага курал жардамын көрсөткөн жана мөөнөтү жылдын башында бүтө турган жарлыкты талкуулады.

Жыйындан кийинки билдирүүдө, премьер-министр Мелони, тышкы иштер министри Антонио Таяни жана коргоо министри Гидо Кросеттонун сунушу менен Министрлер кеңешинин Украинага курал жеткирүүнү 2023-жылдын 31-декабрына чейин узартуу боюнча шашылыш жоболорду камтыган жарлыкты бекиткени белгиленди.

Парламенттен өтүшү керек болгон алтынчы жарлыктын негизинде Италия өкмөтү, келерки жылдын ичинде ар бир жаңы жүк үчүн парламенттин макулдугун талап кылбастан Киевге курал бере алат.

Италиялык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, соңку жарлык Украинага кыска аралыкка учуучу ракеталык системаларды берүүнү көздөдөөдө.



Тектеш кабарлар