Зеленскийдин видео кайрылуусу

Владимир Зеленский түнү Telegram баракчасынан бөлүшкөн күнүмдүк видео кайрылуусунда, 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунун уланып жатканын эске салды.

1911626
Зеленскийдин видео кайрылуусу

Украинанын президенти Владимир Зеленский, орус армиясынын Украинанын жарандык жана энергетикалык инфраструктураларына жаңы ракеталык чабуулдарга даярданып жатканын билдирди.

Владимир Зеленский түнү Telegram баракчасынан бөлүшкөн күнүмдүк видео кайрылуусунда, 24-февралда башталган Орусия-Украина согушунун уланып жатканын эске салды.

Өткөн күндөрдө болгондой эле бул аптада да эң оор кагылышуулардын Донецк фронтунда уланганына көңүл бурган Зеленский: «Фронтто абал абдан оор», деди.

Орусиянын өткөн аптада Украинадагы жарандык жана маанилүү энергетика инфраструктураларын дагы бир жолу бомбалаганын белгилеген Зеленский, кол салуулардын себебинен келип чыккан өлкөдөгү энергетика көйгөйлөрүн чечүү үчүн иш-аракеттердин уланганын айтты.

Орусиянын жаңы кол салууларга даярданып жатканын билдирген украин лидери, орустардын ракеталары бар болгон сайын тынчыбай тургандарын айтты.



Тектеш кабарлар