Зеленский : "Бул жумадагы негизги милдетибиз энергетика"

Зеленский түнкү сааттарда Телеграм каналынан берген видео билдирүүсү менен улутка кайрылды.

1911309
Зеленский : "Бул жумадагы негизги милдетибиз энергетика"

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүндө орус чабуулдарында зыян тарткан энергетикалык инфраструктураларды оңдоо иштери бул жумадагы маанилүү милдеттеринин бири экендигин айтты.

Зеленский түнкү сааттарда Телеграм каналынан берген видео билдирүүсү менен улутка кайрылды.

Орус күчтөрүнүн 23 - ноябрда Украинанын түрдүү аймактарындагы негизги энергетикалык инфраструктураларына жасаган ракеталык кол салууларында 12 миллион абоненттин электр жарыгысыз калгандыгын белгилеген Зеленский оңдоо иштеринин натыйжасында 6 миллионго жакын абонентке кайрадан электрдин берилгендигин жарыялады.

Борбор шаар Киев, Одесса, Днепр, Винница жана Львовдо электр үзгүлтүгүнүн уланып жатканын белгилеген Зеленский маселени тез арада чечүү үчүн аракет кылып жатышкандарын баса белгиледи.

Зеленский орус армиясы катуу чабуул жасаган энергетикалык инфраструктураларды оңдоо иштеринин уланып жатканын айтып : "Биздин бул жумадагы негизги милдетибиз, башка күндөрү болгондой эле энергетика",- деди.

Украинанын президенти Зеленский сөзүндө элди электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

Орус аскерлери 24 - февралда Украинага чабуул койгон.



Тектеш кабарлар