Швециянын премьер - министри "Убадаларыбызды орундатабыз"

Ульф Кристерссон Dagens Nyheter гезитине берген маалыматында Испаниядагы НАТОнун Мадрид саммитинде Түркия, Финляндия жана Швеция тарабынан 28 - июнда кол коюлган Үчтүк меморандумга баа берди.

1911359
Швециянын премьер  - министри "Убадаларыбызды орундатабыз"

Швециянын премьер - министри Ульф Кристерссон Түркияга берген убадаларын аткара тургандарын айтты.

Ульф Кристерссон Dagens Nyheter гезитине берген маалыматында Испаниядагы НАТОнун Мадрид саммитинде Түркия, Финляндия жана Швеция тарабынан 28 - июнда кол коюлган Үчтүк меморандумга баа берди.

Премьер - министр Кристерссон : "Чынын айтсам бул бир  тараптуу меморандум эмес, Финляндия менен Швециянын Түркияга коопсузудк тууралуу убада берген келишим. Түркияга берген убадаларыбызды орундатабыз",- деди. 

Келээрки жылдын жазында күчүнө кириши күтүлгөн жаңы террор мыйзамын эске салган Кристерссон : "Биз Түркия менен (мыйзам боюнча) сүйлөшүп жатабыз. Бул абал биздин НАТО менен бирге терроризмге каршы күрөшкө катышуубуздун чындыгы",- деди.   

Кристерссон Түркиянын Швециянын НАТОго мүчөлүгүн бекитүү процессинин узатылышына да токтолуп : "Маселе учурда Түркиянын колунда,  Түркиянын көз карашын сыйлаймын. Швеция жана Финляндия катары Түркия менен кол койгон келишимибиз Түркиянын коопсуздугуна олуттуу мамиле кылганыбызды көрсөтүүдө",- деди.

Түркия  28 -  июнда Испаниянын борбор шаары Мадридде болгон НАТО саммитинде мүчөлүк үчүн кайрылган Финляндия менен Швецияны вето кылууда. Террордук уюмдарды ачык түрдө колдогон эки өлкө менен протокол түзгөн Анкара берилген убадалардын орундатылышын күтүүдө. 

 



Тектеш кабарлар