ПКК/ЙПГ Азез районуна кол салды

Алгачкы маалыматтарга караганда кол салууда 3 жаран каза болуп, 8 жаран жаракат алды.

1909715
ПКК/ЙПГ Азез районуна кол салды

Сирияда Халептин түндүгүндөгү Тель - Рыфат районунда баскынчылыгынын улантып жаткан ПКК/ЙПГ террордук уюмунун оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Азез районунун борборуна жасаган ракеталык кол салуусунда алгачкы маалыматтарга караганда  3 жаран каза болуп, 8 жаран жаракат алды. 

ПКК/ЙПГ террористтери Түркия менен Россиянын ортосунда 2019 -  жылы 22 -  октябрда түзүлгөн келишимге ылайык  бошотуулары керек болгон Тель  -  Рыфат районунан Азез районунун борборун ракеталык кол салуу менен бутага алды.

Кол салууда алгачкы маалыматтарга караганда 3 жаран каза болуп, айрымдары оор болгон 8 жаран жаракат алды. Жаралуулар айланадагы ооруканаларга алып барылды. 

Түрк куралдуу күчтөрүнүн "Зайтун бутагы" операциясы менен Афринден чыгарылган ПКК/ЙПГ райондун түштүк чыгышындагы Тель  -  Рыфат аймагындагы баскынчылыкты  улантып, бул жерден Жараблус, Африн жана Азездеги жарандык отурукташуу жерлери менен Сирия Улуттук Армиясынын алдыңкы линиясына тез  - тез кол салууда.

 



Тектеш кабарлар