Песков : "Операция Түркиянын мыйзамдуу укугу"

Кремлдин катчысы  Дмитрий Песков Сириянын түндүгүнө карата операциянын Түркиянын мыйзамдуу укугу экендигин белгиледи.

1909640
Песков : "Операция Түркиянын мыйзамдуу укугу"

Кремлдин катчысы  Дмитрий Песков Сириянын түндүгүнө карата операциянын Түркиянын мыйзамдуу укугу экендигин белгиледи.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын  "Россиянын Сирия тууралуу милдеттенмедерине каршы жоопкерчиликсиз мамиле кылгандыгы"  тууралуу билдирүүсүнө баа берген Песков Түркия менен Россиянын Сириядагы абал жана Сочи меморандумундагы милдеттери тууралуу мамилесинде «нюанстар» бар экенин айтты.

Булардын Эрдоган жана Россиянын президенти Владимир Путин тарабынан көптөгөн жолу талкуулангандыгына көңүлдөрдү бурган Песков: "Түркия менен карым  - катнаштардын достук жана өнөктөштүк мүнөзү бул пикир келишпестиктер боюнча ачык жана конструктивдүү кеңешүүгө мүмкүндүк берет»,-деди.

Песков  Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү террордук буталарга  карата жүргүзгөн "Чеңгел  -  Кылыч аба операциясына" байланыштуу : "Түркиянын өз коопсуздугу тууралуу тынчсызданууларын түшүнүп жана аларга сый көрсөтөбүз.  Мунун Түркиянын мыйзамдуу укугу экендигин ойлоп жатабыз",- деди. 

 



Тектеш кабарлар