АКШ менен Кытайдын коргоо министрлеринин жолугушуусу

Эки министр быйыл экинчи жолу жолугушуу өткөрдү.

1909265
АКШ менен Кытайдын коргоо министрлеринин жолугушуусу

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) коргоо министри Ллойд Остин жана Кытайдын коргоо министри генерал Вей Финги Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) кеңейтилген коргоо министрлеринин жыйыны үчүн барган Камбоджанын Сием-Рип шаарында жолугушушту.

Жолугушуу эки министрдин, июнь айында Сингапурда өткөн Шангри-Ла диалогунун коргоо форумунун алкагындагы жолугушуудан кийин быйылкы экинчи бетме-бет жолугушуусу болду.

АКШнын Коргоо департаментинин басма сөз катчысы Пэт Райдер жолугушууга байланыштуу маалыматында, Остиндин кесиптешине Индо-Тынч океан аймагында кытайлык аскерий унаалардын кооптуу кыймылдарынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдиргенин белгиледи.

Басма сөз катчы Райдер, министр Остиндин "Кытай учактарынын кооптуу жүрүм-турумдары аймактагы кырсыктардын коркунучун жогорулатат", "стратегиялык тобокелдиктерди азайтуу жана операциялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн конкреттүү диалог керек" деп айтканын маалымдады.

Кытай тарап жолугушууга байланыштуу билдирүү жасай элек.

Эки министрдин жолугушуусу өткөн аптада Индонезиядагы Чоң жыйырмалыктын саммитинин алкагында АКШ менен Кытайдын лидерлеринин жолугушуусунан кийин болду.

Жолугушууда АКШнын президенти Жо Байден кытайлык кесиптеши Си Цзиньпинге эки өлкөнүн ортосундагы атаандаштыктын жаңжалга айланып кетпеши үчүн байланыш каналдарын ачык кармоо керектигин айткан.



Тектеш кабарлар