Зеленский билдирүү жасады
Владимир Зеленский кечээ Telegram баракчасынан бөлүшкөн видео кайрылуусунда, Орусияга каршы жүрүп жаткан согуштун башталганына 270 күн болгонун айтты.
Украинанын президенти Владимир Зеленский, Луганск аймагын орус армиясынан кайтарып алуу үчүн күрөшүп, акырындык менен алга жылууну уланткандарын билдирди.
Владимир Зеленский кечээ Telegram баракчасынан бөлүшкөн видео кайрылуусунда, Орусияга каршы жүрүп жаткан согуштун башталганына 270 күн болгонун айтты.
Орус күчтөрүнүн өлкөсүнө каршы аба соккуларын улантып жатканын белгилеген Зеленский, азыр эң катуу кагылышуулардын Донецк фронтунда болуп жатканын кабарлады.
Украина армиясынын Луганск аймагында алга жылып бара жатканын билдирген Зеленский: «Луганск аймагында күрөшүп акырындык менен илгерилеп жатабыз. Чыгыш фронтунда кечээтен бери 400гө жакын бомбалоо болду»,- деди.
Зеленский Орусиянын аба соккуларынан жабыркаган энергетикалык инфраструктураларды оңдоо иштеринин уланып жатканын, өлкөнүн 15 аймагында, өзгөчө борбор шаар Киевде электр энергиясы менен камсыздоодо көйгөйлөр бар экенин айтты.
Тектеш кабарлар
Рафахта 600 миң киши жер которду
1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берилди.