Азия - Тынч океан өлкөлөрүнүн лидерлеринен чакыруу

АПЕК лидерлери тарабынан жарыяланган билдирүүдө Россия - Украина согушунун терс таасирлери белгиленди.

1908192
Азия - Тынч океан өлкөлөрүнүн лидерлеринен чакыруу

Азия - Тынч океан өлкөлөрүнүн лидерлери Таиландда өткөн Азия - Тынч океан экономикалык кызматташтык уюму AПЕКтин саммитинде Россияны Украинага каршы согушун токтотууга чакырышты.

АПЕК лидерлери тарабынан жарыяланган билдирүүдө Россия - Украина согушунун терс таасирлери белгиленди.

Билдирүүдө көптөгөн өлкөнүн Украинадагы согушту айыптаганы, согуш жана коопсуздукка байланыштуу маселелердин «дүйнөлүк экономика үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн» экендиги баса белгиленди.

Согуштун терең инфляцияга, азык-түлүк коопсуздугуна жана жеткирүү чынжырында маселелерди жараткандыгы белгиленир. Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы ассамблеясынын 2 - мартта жарыялаган «Россия Федерациясынын бардык аскердик күчтөрүн дароо, толугу менен жана эч кандай шартсыз эл аралык таанылган Украина аймагынан чыгып кетиши талап кылынууда»,- деп айтылды.

 

 



Тектеш кабарлар