Песков БУУ менен дан келишими боюнча сүйлөшүүлөр

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

1906278
Песков БУУ менен дан келишими боюнча сүйлөшүүлөр

Орусиянын Президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия менен Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) дан келишимин узартуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн конструктивдүү болгонун айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге билдирүү жасады.

Англиянын премьер-министри Риши Сунактын «Орусия дүйнөлүк экономиканы муунтуп, азык-түлүктү куралга айлантууга аракет кылууда» деген билдирүүсүнө баа берген Песков: «Бул туура эмес. Анткени Орусия дүйнө жүзүндөгү базарларга азык-түлүк ташууга тоскоолдук кылбайт, бул жүктөрдү ташууга көмөктөшүүдө»,- деди.

Дмитрий Песков белгилегендей, азык-түлүк ташыгандардын көбү Орусияга да, Украинага да тиешеси жок.

Түркия, Украина, Орусия жана БУУнун ортосунда 22-июлда Стамбулда дан ташуу келишиминин узартылышына токтолгон Песков, өткөн аптада Орусия менен БУУнун ортосунда бул темада сүйлөшүүлөр болгонун эске салып: «Бул сүйлөшүүлөр абдан конструктивдүү болду»,-деп айтты.

Келишимдин узартылышына бир жумадай убакыт калганына көңүл бурган Песков бул багыттагы иштердин уланып жатканын айтты.



Тектеш кабарлар