Байден менен Синин биринчи бетме-бет жолугушуусу

G20 саммитине барган Байден менен Си өткөн жылдын башында Байден кызматка киришкенден берки биринчи бетме-бет жолугушуусун Индонезиянын Бали аралында өткөрдү.

1906239
Байден менен Синин биринчи бетме-бет жолугушуусу

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин «мамилелердеги туура багытты аныктоо» үчүн билдирүү беришти.

G20 саммитине барган Байден менен Си өткөн жылдын башында Байден кызматка киришкенден берки биринчи бетме-бет жолугушуусун Индонезиянын Бали аралында өткөрдү.

АКШ менен Кытайдын ортосундагы Глобалдык күч атаандаштыгы жана тирешүү күчөгөн мезгилге туш келген жолугушууда карым-катнаштардын оң жагына багыт алуу каалоолору жана билдирүүлөрү алдыга чыкты.

Байден АКШ менен Кытайдын лидерлери «өз ара келишпестиктерди жөнгө салууга жана кызматташуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууга милдеттүү» экенине көңүл буруп, эки өлкөнүн кагылышуудан алыс болушу керектигин белгиледи.

Си эки лидер Кытай-АКШ мамилесинде «туура багытты белгилеши керек» деп баса белгиледи. Байден менен глобалдык жана аймактык маселелер боюнча чын ыкластуу пикир алмашууга даяр экенин билдирген Си, Кытай-АКШ карым-катнаштарынын кайрадан ден-соолукта жана ырааттуу өсүшкө кириши эки өлкөнүн жана дүйнөнүн кызыкчылыгына жооп берерин баса белгиледи.

Жолугушуудан кийин жасалган алгачкы билдирүүлөрдө Тайвань, адам укуктары, экономикалык атаандаштык, Украина согушу, Орусияга карата мамиле жана Түндүк Корея коркунучу сыяктуу эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуу темаларынын айтылбаганы көңүлдү бурду.



Тектеш кабарлар