Путин менен Раисинин сүйлөшүүсү

Кремль сарайынын билдирүүсүнө караганда, телефондогу сүйлөшүүдө күн тартибиндеги маселелер талкууланды.

1905717
Путин менен Раисинин сүйлөшүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Кремль сарайынын билдирүүсүнө караганда, телефондогу сүйлөшүүдө күн тартибиндеги маселелер талкууланды.

Соода, экономикалык жана саясий тармактарда, анын ичинде транспорт жана логистика тармагында кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү зарылчылыгы баса белгиленген сүйлөшүүдө Орусия менен Иран мекемелеринин ортосундагы байланыштарды активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Кошумчалай кетсек, Путин 26-октябрда Шираздагы Шах Чераг храмында болгон террордук чабуулга байланыштуу көңүл айтты.



Тектеш кабарлар