Путин Чоң жыйырмалыктын саммитине катышпайт

15-ноябрда Балиде баштала турган эки күндүк саммитке АКШнын президенти Жо Байден, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана берки дүйнөлүк лидерлер катышат.

1904684
Путин Чоң жыйырмалыктын саммитине катышпайт

Орусиянын президенти Владимир Путиндин келерки аптада Индонезиянын Бали шаарында өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитине катышпай турганы кабарланды.

Чоң жыйырмалык саммитинин жетекчилеринин бири Лухут Бинсар Панджайтан, Индонезиянын Денпасар шаарында журналисттерге берген маалыматында, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун бул самитте орус делегациясын жетектей турганын айтты.

15-ноябрда Балиде баштала турган эки күндүк саммитке АКШнын президенти Жо Байден, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана берки дүйнөлүк лидерлер катышат.

Орусиянын 24-февралда Украинага каршы баштаган согуштан бери Байден менен Путиндин Чоң жыйырмалыктын саммитинде биринчи жолу жолугушаары болжолдонгон, бирок орус президентинин жыйынга катышпай турганын жарыялоосу менен бул ыктымалдуулук жоюлган болду.



Тектеш кабарлар