Судани: "Түркия Ирактын өнүгүүсүндө роль ойной алат"

Премьер-министр Судани борбор шаар Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1904102
Судани: "Түркия Ирактын өнүгүүсүндө роль ойной алат"

Ирактын премьер-министри Мухаммед Шиа эс-Судани, экономикалык жактан өнүккөн өлкө болгон Түркиянын өлкөсүнүн өнүгүүсүндө роль ойной ала турганын айтты.

Премьер-министр Судани борбор шаар Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ирак-Түркия карым-катнаштарынын келечеги тууралуу суроого Судани: «Эки өлкөнүн ортосундагы биргелешкен соода көлөмүбүз жогору жана берки тармактарда да чоң кызматташтыгыбыз бар. Түркия экономикалык жактан өнүккөн өлкө жана Ирактын өнүгүүсүндө роль ойной алат»,-деп жооп берди.

Эки өлкөнүн ортосунда суу жана коопсуздук сыяктуу орток маселелердин да бар экенине көңүл бурган премьер-министр Судани мындай деп улантты:

«Жаан-чачындын азайышы жана Түркия менен Ирандан келген суунун аз болушу биз үчүн суу көйгөйүн жаратууда. Бул маселеде дипломатияны колдонуу менен кызматташуу жана чечүүнү жактайбыз. Суу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн, анткени айыл чарба стратегиябыз үчүн суу керек».



Тектеш кабарлар