Венесуэлада учак кырсыкка учурады
Кырсыкта беш аскер каза болду.
1903668
Венесуэланын Амазонас штатында кичинекей учак кулап, беш аскер каза болду.
Коргоо министри Владимир Падрино Лопес билдирүүсүндө өлкөнүн түштүгүндөгү Пуэрто - Аякучо шаарында кырсыкка учураган С-2088 үлгүсүндөгү учакта Боливариан Улуттук Куралдуу Күчтөрүнүн (FANB) 5 офицеринин каза болгонун айтты.
Президент Николас Мадуро Твиттер баракчасында каза болгон аскерлердин жакындарына көңүл айтып : "Боливариялык аскердик авиациябыздын 5 офицеринин каза болгондугуна кайгыландым. Үй-бүлөлөрдүн кайгысын тең бөлүшөм жана аларга көңүл айтам",- деди.
Кырсыкка байланыштуу көп тараптуу иликтөө башталганы бөлүшүлдү.