Иран Шираздагы кол салууга байланыштуу 26 киши кармалганын жарыялады

Камакка алынгандар "Тажикстандын, Ооганстандын жана Азербайжандын жарандары" экени айтылган.

1903587
Иран Шираздагы кол салууга байланыштуу 26 киши кармалганын жарыялады

Иран 26-октябрда Ширазда 15 адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салууга байланыштуу 26 киши кармалганын жарыялады.

Ирандын расмий агенттиги ИРНА, Чалгын министрлигинин билдирүүсүнө таянып, Шираздагы Шах Чераг күмбөзүнө жасалган кол салууга байланыштуу иликтөө иштеринин алкагында ушул убакка чейин баары чет элдик 26 киши камакка алынганын билдирген.

Камакка алынгандар "Тажикстандын, Ооганстандын жана Азербайжандын жарандары" экени айтылган.

Гезитте «Азербайжандын борбор шаары Бакудан учак менен Иранга киргенден кийин Ооганстандагы террордук уюм ДЕАШ элементтери менен байланышка чыккан азербайжандык бир жарандын кол салуунун негизги координатору болгону» белгиленген.

Бир тараптан кээ бир маалымат булактары кол салууну уюштурган «Собхан Кумруни» аттуу Тажикстандын жараны экенин айтышты.

Ирандын мамлекеттик телеканалы 26-октябрда Фарс провинциясынын административдик борбору Шираз шаарындагы Шах Чераг күмбөзүнө жасалган куралдуу кол салуудан 15 киши, анын ичинде эки бала каза болгонун жана 21 адам жарадар болгонун жарыялады.

Кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ алды.

Окуядан кийин дароо жаракат алган кол салуучунун ооруканада каза болгону жарыяланды.



Тектеш кабарлар